Бишкекте соода күркөсүн ижарага алган жаранга санитардык нормаларды сактабаганы үчүн протокол түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Санитардык-экологиялык инспекциянын кезектеги рейди учурунда Гоголь жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан соода күркөсүнүн жанында таштандылардын топтолуп жатканы белгилүү болгон. Мындан улам күркөнү ижарага алган Абдылдаевага протокол түзүлүп, комиссияга жөнөтүлдү.