Баткен облусунун Көк-Таш айылында абал туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 5-август күнү мекемелер аралык комиссиянын өкүлдөрү окуя болгон жерге барышып, жаңжал учурунда жабыркаган үйлөрдө болушту. Ал эми күч органдары жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.
Айта кетсек, 3-август күнү Баткен районунун Көк-Таш айылына жакын жерде кыргыз-тажик жарандары бири-бирин таш бараңга алышкан. Уруштун келип чыгышына тажик жарандарынын мүрзөгө барчу жолду бууп салышканы себеп болгон. Андан соң кыргыздар Тажикстандын Чорку айылына барчу сууну бөгөп салышкан. 4-август күнү да эки тараптан эл чогулуп, натыйжада абал курчуп, бири-бирин дагы таш бараңга алышкан. Окуядан улам кыргыз тараптан жалпы 7 адам жабыркаган.