16 жашка чейинки курактагы футболчулардан түзүлгөн өспүрүмдөр курамасы кечээ, 5-августта Кантта "Живое" командасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү. Беттеш кызуу тиреш менен башталып, алгач "Живое" командасы эсепти ачты. Өспүрүмдөр жооп катары алгачкы 45 мүнөттүктө 2 гол жаратышты. Ал эми экинчи 45 мүнөттүктө "Живоенин" оюнчусу орой оюну жана калыска каршы орой мамилеси үчүн майдандан четтетилди. Бул таймда өспүрүмдөр дагы 3 гол жаратышты. Өспүрүмдөр курамасынан
Гүлжигит Алыкулов 3 гол жаратса, дагы 2 голду
Азирет Момошев киргизди.
Кошумчалай кетсек, учурда өспүрүмдөр курамасы Азия чемпиондугунун тандоо туруна даярдык көрүп жатат. Тандоо туру сентябрь айында Бишкек шаарында өтөт.