Жол кырсыктарынын келип чыгышына көп учурда унааны катуу ылдамдыкта айдоо себеп болууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, унааны катуу айдап келе жаткан учурда жолдо кандайдыр бир тоскоолдук чыга турган болсо, айдоочу рулду башкара албай калат. Бул учурда унаанын жолдон чыгып же аңтарылып кетиши толук мүмкүн. Ошондой эле жол кырсыгынын келип чыгышына айдоочулардын мас абалда болгону жана унаа айдап бара жатканда уктап кетүү себеп болууда.
Айта кетсек, Чүй облусунун аймагында өткөн сутка ичинде 8 жол кырсыгы катталып, 1 адам каза тапкан. Ал эми 10 адам ар кандай жаракат алып ооруканага жеткирилген.