Бүгүн, 6-августта Японияда Хиросимадагы атомдук бомбалоонун курмандыктары эскерилди. Хиросиманын борборундагы сейил бакка он миңдеген тургундар келишти. Ага өлкөнүн премьер-министри Синдзо Абэ баштаган бийлик өкүлдөрү катышышты.
Хиросима трагедиясына бүгүн 70 жыл толду. 1945-жылы саат 08:15те АКШ авиациясы "Little Boy" атомдук бомбасын
Хиросимага 10 миң метр бийиктиктен
таштаган. Бомба 600 метр бийиктикте жарылган. Анын кесепетинен 140 миңдей адам каза болгон.
Атомдук бомбаны АКШ 1944-жылы жайында даярдап баштаган. 1945-жылы май-июнь айларында Тиниан аралына америкалык 509‑авиациялык топ келген. 1945-жылы 25-июлда АКШ президенти Гарри Трумэн Хиросима, Кокура, Ниигата шаарларын бомбалоого уруксат берген. 6-августта япониялык радарлар бир нече учактын учуп келе жатканын аныкташкан. Бирок алардын саны аз болгондуктан, аба тревогасын кагышкан эмес.