Базар-Коргон районунун тургуну мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралын милицияга өз эрки менен тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Базар-Коргон районунун милиция кызматкерлери эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Анын натыйжасында Могол айыл аймагынын Т.Ж. аттуу тургуну атасынан калган сайсыз ок атуучу куралын өз эрки менен тапшырган. Куралга тиешелүү эч кандай документтер болгон эмес. Учурда текшерүү иштери жүрүүдө.