16 жашка чейинки курактагы кыргыз футболчулары Кытайдын Вейнянь шаарында орун алуучу эл аралык мелдешке катышат. Мелдеш "Silk Road Cup" деп аталат жана ага жалпысынан 4 команда катышат. Анда кыргыз футболчулары Өзбекстан, Монголия жана Кытай курамалары менен беттешет. Команда б
үгүн, 8-августта алгачкы машыгуусун өткөрөт.
Кошумчалай кетсек, учурда өспүрүмдөр курамасы Азия чемпиондугунун тандоо туруна даярдык көрүп жатат. Тандоо туру сентябрь айында Бишкек шаарында өтөт.