"Мигранттардын көбү Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынан болууда" дейт Алмаз Асанбаев

"Чет өлкөгө эмгектенүүгө кеткен кыргыз мигранттарынын көбү Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынан болууда",- деди бүгүн, 10-августта маалымат жыйынында эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Алмаз Асанбаев.

Анын айтымында, Баткен облусунда үй-бүлөлөрдүн 35 пайызында бирден мигрант бар. "Жалал-Абад облусунда мындай көрсөткүч 27 пайызга барабар, Ош облусунда - 22 пайыз. Талас, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарында бул көрсөткүч 1 пайыздан 5 пайызга чейин",- деди Асанбаев.

"Өлкөнүн түштүгүндөгү миграциялык көрүнүштү өзгөртүүнү өкмөт өзүнүн негизги милдеттеринин катарына киргизет. Түштүктө жергиликтүү калк үчүн эмгектенүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү жана жаш ишкерлерди калтыруу багыттарында иш жүргүзүшүбүз зарыл",- деп кошумчалады министрдин орун басары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
bosmos777
2015-08-10 16:08:51
Олконун кай тарбын болуп айтбай ! Туз жардам берууго отсонор! Жанагыл текшеруу жонундогу такыр болбогон нерсе чын!
+1
nura.177
2015-08-10 16:18:31
Эми элдер жашоо шартты ондойлу деп кетип жатабызда,соз жузундо айтып калбастан иш жузундо аткарсанар, биз эле жерибизди уйубузду,балдарыбызды,ата энебизди таштап кетпес элек. Башка мамлекетке козубуз учкан жок. Документ деп журуп журок оорулуу да болуп калайын дедим мен Москвада.
+1
kirgizstan
2015-08-10 16:24:35
Ушулардан ким сурады кайсыл областан коп мигранттардын саны деп
+1
Diana2013
2015-08-10 16:28:02
Туура айтасынар андан коро кара тизмеден чыгаргыла кайсы областа канча Адам кара тизмеде экени менен силердин ишинер канча бар
+3
ertur
2015-08-10 16:28:26
Алмаз Асанбаев муну публикага алып чыкпай эле окмоттун курамында отургандан кийин атайы программа менен иштеш керек- бул соцдискриминация болуп калыптр
+1
Minhi
2015-08-10 16:38:33
Ошол областа жашагандарга конул бурулбай келет мисалы: Бакен обл эч кимдин оюнда жок эл кантип жатат,эмне ичип эмне жеп журот, кабар ала турган чондор ак уйдун эле ичинен чыгышпайт бириникин бири чукуп кайсыл жерден киреше тушсо ошол жерди талашмай
+3
nurik903
2015-08-10 16:56:57
кайсы обл дан коп болсо ошол жерде жашоо кыйын болгону учун кетип атышатда .
+7
Rashinboy
2015-08-10 18:01:29
Билбейм ай, негизи бюджеттен акчанын кобу эле туштук жакка болунот эмне кылып атышат билбейм.
+1
aziziko
2015-08-10 18:13:41
Туштукто чек ара проблемалары коп анан элдин саны да коп . Туштукто адамдар орусчаны жакшы билишет ошол учун Россияга кетип жатышса керек. Бирок ошончо мигрантын убалын уктатпаган бир эле нерсе бар алар биздин министр депутатар
0
modem4999
2015-08-10 21:43:49
aziziko, ооба суудай билишет без акцент
-1
Dashi
2015-08-10 20:51:33
Адамдын санына карайт да.Кыргызстандын 70%туштукто болсо анан
+2
PeRa
2015-08-11 02:33:21
Туштуктуктор чыдамкай болот да, мигрант болуу деле баардык адамдын колунан келе бербейт. Бир уйдо 10 доп жашап, айлап жылдап мекенибизди корбой, ошол мамлекеттердин эли чыдабай , иштебей койгон иштерин иштеп журобуз. Жоктон коро жогору да, Кыргызстандын айлыгы менен уй булоо багыш кыйын, же пара алыш керек. Пара алсан бир куну болбосо, бир куну турмого тушосун.
+1
PeRa
2015-08-11 03:16:45
Университетте окуп жургондо , оштук балдар талаада иштегенин коруп оозубуз ачылып калган. Биз бир рядды бутургучо алар 5 ряд бутурчу.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан