Ош облустук сотунун алдына чогулган Мелис Мырзакматовдун тарапташтары таркап кетишти

Ош облустук сотунун алдына чогулган Мелис Мырзакматовдун тарапташтары таркап кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн Ош облустук соту Мелис Мырзакматовдун иши боюнча шаардык соттун чечимине болгон даттанууну карамак. Мындан улам экс-мэрдин жактоочулары облустук соттун алдына чогулушкан. Алар соттун адилет чечим чыгаруусун талап кылышууда. 

Ал эми жактоочулар сот отурумунда судьялык курамды алмаштыруу өтүнүчүн келтиришти. Анын себебинен кийинки сот отуруму 17-августка жылдырылды.

Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 22-июлунда Ош шаардык соту шаардын мурунку мэри Мелис Мырзакматовду сыртынан 7 жылга эркинен ажыраткан. Ал “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп айыпталууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
marmiladka9
2015-08-10 16:05:46
Жыйынтыгын айтышпайбы?
0
mekenchil_jigit
2015-08-10 18:03:38
marmiladka9, Судьялык курам алмаштырылып 17-августта болот экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан