Өзгөндөгү мектептин директору: "Балдарды 1-класска алуу үчүн ата-энелерден 2000 сом талап кылынганы чындыкка жатпайт"

Өзгөндөгү Курманжан датка атындагы мектепке 1-класска кабыл алуу үчүн балдардын ата-энелеринен 2000 сомдук демөөрчүлүк жардам талап кылынганын өткөн аптада жарыялаган элек. 
SUPER.KG порталына бүгүн, 10-августта мектептин директору Таалай Жусупов: "Мен өзүм окуп таң калдым. Бул туура эмес. Азыр окуу процесси баштала элек. Бизде мектепке даярдоо программасында окуган балдар 1-класска барышат. Бул жакта көбүнчө башка улуттагылар жашайт. Алар орус класс, кыргыз класс деп тандай беришет. Ошолордун арасында чыккан сөз болуш керек",- деп билдирди.  
Мектеп директору кошумчалагандай, ата-энелер эч кандай демөөрчүлүк акча каражатын төлөбөй балдарын мектепке киргизе алышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Marat-m
2015-08-10 16:39:53
Эч кандай акча талап кылганга акысы жок.
Азыр аламдар акты да кара дей калат
такталбаган маалматты эч качан
чыгарбаш керек
0
kyrgyz_girl
2015-08-10 16:41:05
бул байке директор болуп калганбы? Акчан болсо жумуш даяр экенда, эххх...,
0
Emil0279
2015-08-11 00:03:49
Сокулукта 4-мектепке 1-класска кириш учун 100шт А4 кагазы, файл папка алпарыш кекрек созсуз турдо. Урматтуу супер инфонун адм-сы силерден сураныч ушул маселени да карап койсонуздар, мугалимдерге керектууну мамлекет берет же озу сатып алышы керек да, анан созсуз турдо беш жуз сом фондго бересин, а окууга киргенден кийин дагы башталат
0
admin_superstan
2015-08-11 10:07:04
Emil0279, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат. Тиешелүү бөлүмгө жеткирип коёбуз.
0
karona
2015-08-11 11:59:48
Албетте акча бербей эле балдарын окууга киргизе алат! Бирок тилекке каршы акча сурап жатышпайбы мугалимдер ар нерсени шылтоолоп!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан