Ош шаарында 120 орундуу бала бакчанын курулушу башталды

Ош шаарынын Пятилетка айылында 120 орундуу бала бакча курулат. Бүгүн анын курулушуна капсула салуу аземи болду. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Пятилетка айылынын тургундары, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Биз капсула коюп жаткан бул балдар бакчасынын жалпы сметалык баасы 43 миллион 738,3 миң сомду түзгөн болсо, тендердик баасы болгону 24 миллион 501 миң сомду түзүп, колдо бар каражатты сарамжалдуу пайдаланууга багытталган иш-чараларыбыз улантылып жаткандыгынын дагы бир далили болуп калды. Ар бир үнөмдөлгөн каражат шаардын эң зарыл болгон башка иш-чараларына жумшалып жатат. Биз сан менен сапатты да айкалыштыра иш жүргүзүүгө аракеттенүүдөбүз. Мындан сырткары быйыл Ош шаары боюнча 5 балдар бакчасы салынууда. Алардын ичинен бирөө бүткөрүлүп пайдаланууга берилди. Буюрса, жыл аягына чейин дагы үч балдар бакчасынын курулушу бүткөрүлмөкчү”,- деди шаар мэри А.Кадырбаев.

Курулуп жаткан балдар бакчасы эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1225 чарчы метрди түзөт. Анда заманбап жуунуучу, уктоочу жана эс алуучу бөлмөлөр курулат. Каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, 2016-жылга бүтүрүү пландаштырылган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Birimdik5555
2015-08-10 18:21:51
Пятилетка айылы Оштун кайсы жеринде экен а?
0
Patirot
2015-08-10 23:10:55
Birimdik5555 гелогодок жакта жаны конушта
0
Patirot
2015-08-10 23:14:49
Birimdik5555, гелогородок жакта
0
aiturgasha
2015-08-11 14:25:33
Patirot, геологородок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан