Ош шаарынан 5 оор жүк ташуучу унаа менен 109 тонна гуманитардык жардам 8-август күнү Тажикстан Республикасынын Тоолуу-Бадахшан аймагында селден жабыргандарга жөнөтүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Ош шаарынын биринчи-вице мэри Замир Аскаров билдиргендей, гуманитардык жардам Ош шаарынын мэриясынын демилгеси менен жеке ишкерлерден ыктыярдуу түрдө чогултулган. Анда күнүмдүк керектелүүчү азыктар, курулушка керектүү материалдар бар.
“Мындан сырткары калаадагы мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлери жабырлануучуларга бир күндүк эмгек акыларын которушкан. Коңшу өлкөдө болгон табигый кырсыкка кайдыгер карабаган шаар тургундарына ыраазычылык билдиребиз”,- деди З.Аскаров.
Эске сала кетсек, Тажикстанда июль айынын аягында болгон селден аймактын жашоочулары жабыркап, республика боюнча чыгым 100 миллион долларга жеткени айтылган.