Түркияда жол кырсыгынан каза тапкан кыргыз жаранынын сөөгүн алып келүү иштери жүрүүдө

Түркияда жол кырсыгынан каза тапкан кыргыз жаранынын сөөгүн алып келүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 7-август күнү саат 08:00 чамасында Анталия провинциясынын Алания районунда болгон. Анда түрк жараны Эрсин Картанын башкаруусундагы унаа жол кырсыгына кабылып, унаа ичиндеги 1985-жылы туулган кыргыз жараны Б.А. (аял киши) каза таап, экинчиси ооруканага жеткирилген.

Полициянын маалыматы боюнча, ошол учурда айдоочу мас абалында болгон. Ошондой эле ал унааны айдоочулук күбөлүгү жок башкарып бара жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан