Дубайда жаран сууга чөгүп жаткан кызын эч ким кармалабасын деп, аны куткарууга тоскоолдук жасады

Дубай шаарындагы кумдуу жээктердин биринде жаран сууга чөгүп бараткан 20 жаштагы кызын эч ким кармалабасын деп, аны куткарууга тоскоолдук жасады. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта чет өлкөлүк басылмалар жарыялашты.

Маалыматтарга ылайык, Азия өлкөлөрүнүн биринен келген жаран үй-бүлөсү менен Дубайда эс алып жүргөн. Ата-энеси кумдуу жээкте отурушканда кызы сууга түшкөнү кеткен. Куткаруучулар анын сууга чөгө баштаганын көрүп куткарууга барышканда, кыздын атасы алардын астына туруп алган. Атасы мындай кадамга барганын "менин кызымды бейтааныш адамдар эч качан кармалашпайт" деп түшүндүрдү. Ошентип, анын кызы сууда каза тапты.

Полиция кызматкерлери кыздын атасын камакка алышты. Ал Куткаруу кызматынын өкүлдөрүнө тоскоолдук кылганы үчүн айыпталууда. Ал Дубайда соттолот. Ага кандай жаза каралары азырынча айтыла элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
karona
2015-08-11 11:27:08
Огой кызына эле мындай мамиле жасабаса, чыныгы акыл эстуу ата мындай кылбаш керек эле. Апасы эмне кылды экен? Куткаруучулар атасына кулак салбай оз милдетин аткарганда балким аман калат беле.
+1
aibo_85
2015-08-11 11:33:36
бироо кармалагысы келбесе озу куткарбайбы, ХХХ десе!!!
+3
admin_superstan
2015-08-11 11:43:40
aibo_85, этика нормаларын сактаңыз!
0
lion1992
2015-08-11 11:42:08
Атайы эле олтургондой
0
salmanbet
2015-08-11 12:01:19
Деги дуйно тынч эмес,адамдар барган сайын эле,эмнеле болуп баратабыз,кызынан аша кечкен акмакко,байкуш кыздын бейишин берсин,чогуп баратып козун жалдыратып,ата соройдон умут кылып атып кеттиго байкуш.
+2
adilbars
2015-08-11 12:08:07
Куткаруучулар атайын кармалагысы келип аткансып... Олуп калды, эми жакшы болдубу? Бул биздин ашыкча берилип кеткен диний фанаттарга сабак болсун!
+7
Guka_kg
2015-08-11 12:48:39
Кызыкко атасы ушундайда адамдар болобу?
0
kubat_1973
2015-08-11 13:01:38
Мына ашыкча динчилдиктин кесепети манкуртчулук да бул оз кызын озу курмандыкка чалган анан кайдагы ислам анан кайдагы ыйман ушуга окшогон чала сабат арамдар баркын кетирет да диндин.Каапыр деп ХХХ ХХХ ХХХ да барбайт мындай жолго.
+3
admin_superstan
2015-08-11 14:09:48
kubat_1973, башка диндин өкүлдөрүн кемсинтпеңиз!
-1
sabyr86
2015-08-11 13:47:09
Фанатизм
0
aichurok5
2015-08-11 14:43:08
Ошончолук динчил болсо ошол куткарукчулардын бироосуно никелеп берип койсо деле болот эледа.
0
Arzu.kg
2015-08-11 14:50:50
Ашыкча динчилдиктин кесепети, барып турган карангылык! Кызды аяп кеттим.
+4
Zara_KARA-KULJA
2015-08-11 16:03:52
Кызга боорун ооруса,атасына кулкун келет экен. Ошончолук кызын кызганса жеекке алып келип чечиндирбеш керек элего.бул жерде атайылап олтургондойго
+2
nur_2010
2015-08-11 16:48:11
псих немего тообо кылдым.кызы олуп атса.эгер кишинин кызы мусульмандар болсо ойлогон окшойтда эркек куткаруучулар келе жатса кызыма кармабасын деп
0
Aipri
2015-08-11 18:36:46
Атасы таза жинди неме гоо. Кызы олуп бара жатса, куткаруучулар эмне аял болуш керек бекен.
+1
bakyt_2015
2015-08-11 19:47:16
Мээси болсо куткаруучуну тоскончо кызын куткарууга аракет кылбайт беле.Же озу кармаганга да болбойт беле.Ашынган динчилдиктин кесепети.
0
altynbek9191
2015-08-11 23:17:19
Атасынын мээси ордундабы анда озу куткарбайбы
куйоого тиет да кыз деген тигинтпесин деп куйоого бермек эмес окшойт кийин))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан