"Таш-Көмүр шаарында милиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынды" делген жаран тосмо арыз жазды

"Таш-Көмүр шаарында милиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынды" делген жаран тосмо арыз жазды. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, тосмо арызда “Биз өз ара сүйлөшүп, элдешип алдык. Ортодо ушак сөздөр чыгып кеткендиктен намыстанып, жиним менен арыз жазгам. Ошондуктан менин арызымды текшерүүнү токтотууну суранам” деп жазылат.

Айта кетсек, буга чейин жабырлануучу Айтур Камчыбековдун туугандары SUPER.KG порталына кайрылышып, Айтур милиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынганын айтышкан. Бирок Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы бул маалыматты төгүндөп, ага карата эч кандай зордук-зомбулук болбогонун билдирген.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurbiyke2014
2015-08-11 12:06:47
Айтур Камчыбековдун жургон жери тополон озу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан