Футбол. Бүгүн Бишкекте "Алга" командасы "Бенфика" менен беттешет

Бүгүн, 11-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо "Алга" (Кыргыз Республикасы) жана "Бенфика" (Макао) командалары беттешет. Бул тууралуу өлкөнүн Футбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, оюн саат 18:00дө башталат. Бул беттеш "Азия футбол конфедерациясынын кубогу-2016" турниринин квалификациялык бөлүгүнүн алкагында өтөт. Аталган мелдештин тандоо бөлүгүнө топтогу үч команданын бири эле чыга алат. "В" тобунда "Алга" жана "Бенфикадан" тышкары "Шейх Жамал" (Бангладеш) командасы да бар. Ал эми "Азия футбол конфедерациясынын кубогу-2016" турниринин тандоо бөлүгү 2016-жылы башталмакчы.

"В" тобундагы оюндар:

11-август, 18:00 "Алга" (КР) - "Бенфика" (Макао)

13-август, 18:00 "Бенфика" (Макао) - "Шейх Жамал" (Бангладеш)

15-август, 18:00 "Алга" (КР) - "Шейх Жамал" (Бангладеш)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Patriot...kg
2015-08-11 10:55:54
Алга! Алга! Алга
0
bolsunalban
2015-08-11 12:36:10
Алга ..Алга...
0
bakyt_2015
2015-08-11 18:32:00
Мен да Португалиянын Бенфикасыбы депмин. Былтыр Алга чемпион болду беле.Чемпиондор барчу беле бул оюнга.
0
REAL_MADRID_KR
2015-08-11 22:01:17
алга артка эмес
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан