Быйылкы ажылык сапарына бара турган зыяратчылардын алгачкы тобу 25-августта жөнөп кетет

Быйылкы ажылык сапарына бара турган зыяратчылардын алгачкы тобу Меккеге 25-августта жөнөп кетет. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта муфтияттан билдиришти. 
Алгачкы рейс 25-августта Ош шаарынан учса, Бишкек шаарынан алгачкы рейс 27-августта учат. Зыяратчылардын акыркы тобу 11-сентябрда учмакчы. Ал эми зыяратчылар ажылыктын шарттарын аткарып бүткөн соң 28-сентябрдан тартып 15-октябрга чейин өз мекенине кайтып келишет.
Учурда ар бир облуста ажы башчылар ажылыкка бара турган жарандар менен жолугушуп, аларга ажылыктын тартип-эрежелери туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, атайын сабактарды өтүшүүдө.
Эскерте кетсек, быйыл Сауд Арабиясы Кыргыз Республикасына 3685 квота бөлгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан