60 жаштан ашкан жарандар эски паспортторун бекер алмаштыра алышат

60 жаштан ашкан жарандар эски паспортторун ID-карта үлгүсүндөгү паспортко бекер алмаштыра алышат. Бул тууралуу 11-августта Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты. 
Маалым болгондой, 2004-жылдагы үлгүдөгү паспорт менен камсыздоо боюнча аракеттер жүрүп жатат. "Буга ылайык, 60 жаштан ашкан жарандарга 1994-жылкы паспортторун акысыз алмаштырууга шарт түзүлдү. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга киргизилген толуктоолорго ылайык, жарандар пенсиялык, айдоочулук күбөлүгү, ошондой эле аскер билети аркылуу добуш берүүгө катыша алышпайт. Ушул жылы өтчү парламенттик шайлоого жарандар ID-карта үлгүсүндөгү паспорту менен гана добуш берүү мүмкүнчүлүгүн ала алышат",- деп айтылат маалыматта. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
sabyr86
2015-08-11 13:43:49
Шайлоо үчүн каары кишилерди темтеңдетип паспорт алмашкыла деп,шайлоого барбай койушса кутулабы.
+1
novayariga
2015-08-11 17:05:02
Чынында катуу баш ооруу кылып жатышат. Биометрика ,эми мунусу. Жакында башыбызга жугон салышы эле калды...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан