Орусиядагы 194 миң кыргыз жараны "кара тизмеге" кирүү коркунучунда турат

Учурда 194 миң кыргыз жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта SUPER.KG порталына Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, "кара тизмеге" кирүү коркунучунда болгон жарандарга 10-июлдан 1-ноябрга чейин Орусиянын аймагынан чыгып, чек арадан өткөндүгү жөнүндө белги (штамп) басып, кайра Орусиянын аймагына кирүү сунушталат. Анткени мындан кийин алардын миграциялык тарыхы жаңыланат.
Ошондой эле Орусиянын мыйзамын кайра бузуудан алыс болуш үчүн жарандар Орусиянын аймагына кирүүдө миграциялык картадагы "келүүнүн максаты" пунктуна "иштөө" деп жазышы зарыл. Андан соң 30 күндүн ичинде (2015-жылдын 20-июлунан тарта) Федералдык миграциялык кызматынын жашаган жер боюнча бөлүмүнөн каттоодон өтүү керек. КРнын ЕАЭБге киришинен кийин жумуш берүүчү адам КРнын жаранын жумушка алуусу тууралуу Федералдык миграциялык кызматынын аймактык түзүмдөрүнө маалымдашы зарыл.
Мындай тартип 2015-жылдын 1-ноябрына чейин гана иштейт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
Dadasdasd
2015-08-11 14:02:47
Кара тизме не будет.
+3
Aibek..
2015-08-11 14:04:03
Э булар сүйлөй берет болбосо да болдуруп.
+1
iliaz-91-91
2015-08-11 14:04:08
Бийликте учурда креслону ойлоп жатышат октьябрга да бир ай калды туугандар. Умутунорду узгуло. Менин бооруму орутпай. Биздин бийликтин колунан эч теке келбейт келгенде эчак эле чыгармак. Кайра кайра кайталай берип тажатынарго бир тушунуп калгылачы.
+1
kandy
2015-08-11 14:06:02
Туугандар менин туулган кунум менен ОМС тин номери озгоруп кетти .бирок фамиля ошол эле бойдон калган мен эми паспорт алсам россияга кире аламбы .билгендер болсо жооп берип койунуздарчы .рахмат
0
kg.boys86
2015-08-12 04:15:56
kandy, отпечатка тапшырсаңар болбойт негизи силердин кылганыңар мыйзам бүзуу. Статья да бар.
0
kandy
2015-08-12 11:33:39
kandy, мeн aны aтaйы кылгaн жокмун дa пaспорт столдогулaр туурa эмeс бeришкeн мeнин туулгaн кунум 20-дeкaбрь a пaспортто 21*дeкaбрь ошону элe 20*дeкaбрь кылгaнмын отмечатька тапшырганмын мындан 6 жыл мурда ал да базасына кирген эмес болуш керек акча алыш учун кылган .
0
ARTUR83
2015-08-11 14:35:47
ушунтип айтып эле жатышат кара тизме болбойт деп серовно киргизип салып жатышат гоо кудайдан башка айла жок
0
kirgizstan
2015-08-11 14:41:56
Уялбайсынарбы элди алдагандан. мынча мин адам онуга чейин чыгарылат деп тим эле болбой калдынар, оа катырдынар. Силерсиз эле карапайым калк озу чечип оздору иштеп келе жатат кыйналсалар дагы.журосунор эшек такалап.Силерге ишенип биринчи июльдан онунчу ноябрга чейин чыгып келсек болот экен деп чыгышып кайра келише албай калышты эмнени озгорттунор бир чон болуп,кайра ХХХ ХХХ колунардан келбесе ХХХ ХХХ ХХХ эле олтургулачы ЧОНДОР
+4
admin_superstan
2015-08-11 14:49:34
kirgizstan, эскертүү! Этика нормаларын сактаңыз!
-6
92nuraaly
2015-08-11 14:47:45
Биздин бийликтегилердин колунан эч нерсе келбейт. Бул жактан орустар эмне деп чечим чыгарса биздикилер ошону аткарышып жатышат.
+4
ertur
2015-08-11 15:07:47
таможный союзга кируунор менен деп 194 мин адамды черный списоко....
+1
saulet2009
2015-08-11 15:43:18
Бул шайлоого карата болушу да мумкун,бирок орустардын законун бузуп вообще документи жок жургондор чыкпайт тизмеден и депортторда моонотун отомойун кире албайт.Эч кимисине ишенбегиле,бул ТС не для имигрантов
0
rahali
2015-08-11 15:49:40
Баары барып шайлоого такалат
0
Zara_KARA-KULJA
2015-08-11 15:53:15
Ит эле болдуго
+1
Eli75
2015-08-11 21:12:38
Админ, бул маалымат Россиянын кайсы сайтынан алынды, тактап койсонор болобу?
0
admin_superstan
2015-08-12 10:38:36
Eli75, саламатсызбы!
Маалыматты Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен билдиришкен.
0
boston___
2015-08-11 21:49:40
Откондо посолства маалымат бердиле 20 июльда кара тизмеден 49 мин адам чыгааат деп кайдан алган бул информацияны билбейм мен ошол эле убакта интернетке кирип окусам 49 мин адам 10 ноябрга чейин чыгарылат постипенно деп жазыптыр
0
aziz.k
2015-08-11 22:22:57
Касамдар да баары
0
rahat.87
2015-08-11 23:20:25
Булардын Берген маалыматына ишенип баш оорутуштун кереги жок,андан коро жалгыз Алладан сурагыла.Алланын айтканы болот близ андай мындай дегенибиз менен
.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан