Ошто ажылык сапарга бара турган 1017 жаран эмдөөдөн өткөрүлдү

Ош облусунун аймагынан ажылыкка баруучулардын баары дарыгерлер тарабынан эмдөөдөн өткөрүлүштү. Зыяратка бара турган жарандар негизинен сасык тумоо жана менингит ооруларына каршы эмдөө алышты. Бул тууралуу 11-августта Ош облусунун мусулмандар казыятынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө облустун 7 районунун борборлорунда ажыларды окутуп, даярдоо иштери жүрүп жатат. "Окуунун жүрүшүндө Меккедеги ажылык парзды аткаруудагы бардык ибадаттын шарттары үйрөтүлүүдө. Быйылкы ажылык сапарга Ош облусунан 1017 жаран жолдомо алган. Ажыларды баштап алып баруу үчүн 21 ажы башыга лицензия берилди. Ар бир ажы башчысы ажылык маалында 50 адамга жоопкер болмокчу",- деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Ош облусунан Медина шаарына зыяратка сапар алгандар 2015-жылдын 25-августунан тартып график менен жөнөтүлө баштайт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ayperi94
2015-08-11 15:16:42
Ажыга барып зыярат кылууну насип этисин, Аллахым ар бир мусулманга.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан