Бүгүн, 11-августта Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип жатат. Иш-чаранын жүрүшүндө абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар тарабынан жыгачтан, темирден жасалган буюмдар, алар өндүргөн азык-түлүк, тигилген кийим-кечелер көргөзмөгө коюлду. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова мекеме бул буюмдарды көп санда чыгарып, мамлекеттик органдарга сатууга кызыкдар экенин айтты. "Жаза мөөнөтүн өтөп жаткандарга шарттар түзүлүп, түрдүү кийим-кечелерди, буюмдарды жасап келишет. Биз ушул өндүрүлгөн продукцияны мамлекеттик органдарга сатууну максат кылып жатабыз. Анткени мурун мамлекет тарабынан буйрутмалар болуп турчу, азыр андай эмес. Мисалы, бирдиктүү мектеп формасы боюнча буйрутма алып, тигип берсек болот",- деди Сабатарова.