Төө-Ашуудагы тоннелде оңдоо иштери жүргүзүлгөндүктөн, унааларга чектөө киргизилди
Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда орун алган К.Көлбаев атындагы тоннелде оңдоо иштери жүргүзүлгөндүктөн, 10-августтан тартып жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Тоннель кечки саат 21:00дөн таңкы саат 09:00гө чейин ачык болот. Ал эми күндүз саат 09:00дөн 21:00гө чейин оңдоо иштери жүрөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.