“Түндүк электр” бөлүштүрүүчү компаниясынын июль айына болгон товардык продукциясы 322,8 миллион сомду түзүп, көрсөтүлгөн төлөм суммасынын 354,8 миллион сому чогултулган. Бул тууралуу 11-августта ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, июль айында көргөзүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу калк арасында 103,5 пайыз, өндүрүштүк объектилерден 104,4 пайыз, айыл чарба объектилеринен 105,5 пайыз, башка керектөөчүлөрдөн 104,1 пайыз жана бюджеттик уюмдардан 172,5 пайызга аткарылды. Бөлүштүрүүчү компания тейлеген аймактардан төлөм чогултуу июнь айы боюнча борбор калаабызда төлөм чогултуу 106,2 пайыз, Чүй облусунда 109,6 пайыз, Талас облусунда 152,9 пайыз болду.