Кыргыз чек арачы-кинологдор эл аралык сынакта 3-орунду ээлешти

Кыргыз жеринен эл аралык сынакка катышкан чек арачы-кинологдор курамы 3-орунга ээ болду. Сынакка Казакстан, Тажикстан, Армения жана Орусиянын чек ара кызматындагы кинологдору катышкан. Бул тууралуу 11-августта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

Алматы шаарында 3-8-август күндөрү өткөн чемпиондукка Кыргыз Республикасынын атынан "Юг" кинология борборунун башчысы Э.Жаныбаев, улук лейтенант М.Эргашев, прапорщик Д.Якубов, кичи сержант М.Маматов жана Каскад, Рода, Троян аттуу немис овчаркасы тукумундагы иттер барышкан.

Маңзат каражаттарын табуу, жардыргыч заттарды табуу жана чек арадагы издерди текшерүү учурунда кыргыз курамасы жакшы жыйынтык көрсөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
beben
2015-08-11 16:37:29
Россиядагы Танктар эмне болду канчанчы орундабыз
0
eliko
2015-08-11 16:37:41
Марат,азаматсынар!
0
sezimay
2015-08-11 17:39:49
Азаматсынар
+2
Ali-5
2015-08-12 15:17:03
4 командадан 3-орунду алган болобу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан