Кечээ, 10-августта окурман
SUPER.KG'ге Whatsapp аркылуу кайрылып, Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасында
таракандар жайылып кеткенин кабарлаган. Бүгүн оорукананын башчысы
Кайрат Абжалов бизге байланышка чыгып, айтылган маалыматтарды төгүнгө чыгарууга аракет жасады. Анын айтымында, оорукана ар бир айда эки ирет дезинфекцияланып турат.
"Ош шаардык залалсыздандыруу бекети тарабынан бир айда эки ирет дезинфекциялоо жүргүзүлөт. Мындан сырткары оорукананын кызматкерлери тарабынан күн сайын палаталарды жана бөлмөлөрдү тазалоо, залалсыздандыруу иштери аткарылат. Бүгүнкү күндө Залалсыздандыруу бекетине кошумча сунуш берилди, себеби күн ысык болуп жаткандыктан, таракандар жылытуу системинин түтүктөрү, суу түтүктөрү аркылуу жакын жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдөн, башка имараттан өтүп келиши мүмкүн",- дейт Абжалов.