Бишкектик "Алга" командасы чет өлкөлүк "Бенфиканы" 2:0 эсебинде утту (фото)

Бүгүн, 11-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо "Алга" (Кыргыз Республикасы) командасы менен "Бенфика" (Макао) беттешти. Оюнду көрүүгө 2 миңге жакын футбол күйөрманы келди.

Биринчи таймда "Алга" көптөгөн чабуулдарды уюштурду, бирок голдорго жеткирүүгө бир аз жетишпей жатты. Оюндун башталышынан жарым саат өткөндө гана топ "Бенфиканын" дарбазасына киргизилди. Анын автору Иван Филатов болду. Экинчи голду күйөрмандар экинчи таймда көрө алышты. "Алганын" оюнчулары мыкты чабуул уюштуруп, Мирбек Ахматалиев эсепти 2:0гө жеткирди. Оюндун аягына чейин бул эсеп өзгөргөн жок.

Айта кетсек, бул беттеш "Азия футбол конфедерациясынын кубогу-2016" турниринин квалификациялык бөлүгүнүн алкагында өттү. Аталган мелдештин тандоо бөлүгүнө топтун жеңүүчүсү чыгат. "В" тобунда "Алга" жана "Бенфикадан" тышкары "Шейх Жамал" (Бангладеш) командасы да бар. Ал эми "Азия футбол конфедерациясынын кубогу-2016" турниринин тандоо бөлүгү 2016-жылы башталмакчы.

"В" тобундагы калган оюндар:

13-август, 18:00. "Бенфика" (Макао) - "Шейх Жамал" (Бангладеш).

15-август, 18:00. "Алга" (КР) - "Шейх Жамал" (Бангладеш).

Оюндар Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Patriot...kg
2015-08-11 21:33:22
Моладцы жигиттер. Алга командасы Алга
бирок күйөрмандар жок ко
0
akniet7baiken
2015-08-11 21:39:44
Кыргызстан "АЛГА"
0
EdikoKG
2015-08-11 22:02:27
Азаматтар! Дагы да болсо ийгилик!
0
jonsons
2015-08-11 22:50:36
Молодцы всем))) бирок дагы дагы аракет кылыш керек ))) ←
0
meerim11
2015-08-11 22:56:31
Азаматтар!
0
aziret-92
2015-08-11 23:58:08
Голду кайсы оюнчулар киргизди?
13-жана 15-августта орун ала турган оюндар Кыргызстанда болобу?
Толугураак маалымат жаза кетсенер.
0
Patriot...kg
2015-08-12 07:53:39
aziret-92, оа Бишкекте болот. Кирүү акысыз
0
messidinho
2015-08-12 02:21:12
Мен Португалиянын Бенфикасыбы депмин
0
Aselina_kg
2015-08-12 10:46:46
Молодцы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан