УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жана Европа Лигасынын жеңүүчүлөрү каталондук "Барселона" жана испаниялык "Севилья" 11-августта УЕФАнын Суперкубогу үчүн беттешти. Оюн абдан кызыктуу болуп, жалпысынын 9 гол киргизилди.
Оюндун башталышынан 3 мүнөт өткөндө "Барселонанын" дарбазасына биринчи топ киргизилди. Бирок каталондуктардын чабуулдарынын лидери Лионель Месси эсепти тез эле теңдеди. Андан соң "Барселона" өз оюнун таап, ошол эле Месси, Рафинья жана Луис Суарестин аракеттери менен "Севильяга" 3 голду киргизди. Ошого карабай "Севильянын" оюнчулары артка чегинбей, тер Штегендин дарбазасына улам-улам басым жасап жатышты. Жыйынтыгында эсепти 4:4кө жеткиришти.
Айта кетсек, голдорду Хосе Антонио Рейес, Кевин Гамейро (пенальтиден) жана украиналык футболчу Евгений Коноплянка киргизди. Ошентип, оюндун негизги убактысы тең эсеп менен аяктап, кошумча 2 тайм кошулду. 115-мүнөттө "Барселонанын" чабуулчусу Педро "Севильяга" 5-голду киргизип, өз клубуна жеңишти алып берди.