Борбор калаадагы Билим берүү башкармалыгынын демилгеси менен окуучулар жайкы каникулун Ысык-Көлдө өткөрүшүүдө. Эки агым менен келген эс алуучулардын саны 400дөн ашат. Бул тууралуу 12-августта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Балдар кызыктуу оюндарды ойноп, көлгө түшүп ден соолуктарын чыңдап жатышат. Аларга Бишкектеги жогорку окуу жайларынын студенттери жол көрсөтүп, оюндарды уюштурушууда. Эс алууга келгендер социалдык жактан коргоого муктаж үй-бүлөлөрдүн, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин балдары, жетимдер жана жарым жетимдер. Ошондой эле лагерде мектеп ишине активдүү катышкан окуучулар, олимпиаданын жеңүүчүлөрү эс алышууда.