Билим берүү министри Таластын тургундары менен жолугушууда

Бүгүн, 12-августта билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева Талас облусунун тургундары менен жолугушуп, жаңы киргизилген өзгөрүүлөр боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Ак-Сай айылындагы мектепте Э.Сариева тургундардын бир катар суроолоруна жооп берди. Көпчүлүк маселелер жаңы окуу жылына байланыштуу болду. Ата-энелердин балдарга мектепке чейинки билим берүү тууралуу суроосуна министр 1-сентябрдан тарта 5,5-7 жаштагы балдар окууга атайын даярдыктан өтө башташы керектигин белгиледи. 

Премьер-министрдин тапшырмасы менен Эльвира Сариева өлкө аймагында жашоочулар менен жолугушуу өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан