Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 334 560 сомдук шектүү акциздик маркалары менен 3360 бөтөлкө алкоголдук продукцияны тартып алышты. Бул тууралуу 12-августта мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Рейддик салыктык текшерүүнүн жүрүшүндө “Тегирмен алко плюс” ишканасы өндүргөн контрафакттык алкоголь “Просперити Бизнес трейд” ишканасына тиешелүү болгон кампадан табылган.
Бул боюнча материалдар тартылып алынган продукция менен бирге мындан аркы тийиштүү чараларды көрүү үчүн Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилди.