Өспүрүмдөр курамасынын машыктыруучусу: "Кытайдын командасы мыкты ойнойт, бирок биз карап турбайбыз"

Кытайдын Вейнянь шаарында 16 жашка чейинки курактагы футболчулар арасында эл аралык мелдеш уланууда. Анда Кытай, Кыргыз Республикасы, Монголия жана Өзбекстан командалары күч сынашууда. Кыргыз футболчулары бүгүн, 12-августта үй ээси Кытай менен беттешет. 17:30да башталчу беттешке стадион толо эл келери күтүлүүдө
Кыргыз мамлекетинин өспүрүмдөр курамасынын башкы машыктыруучусу Самат Сүймалиев беттеш алдында SUPER.KG порталы менен ой бөлүштү
"Бул күнү күйөрмандар кызыктуу, мыкты оюн көрөт. Кытайдын Монголияга каршы оюнун көрдүк, мыкты команда. Алардын коргонуусун биле алган жокпуз, себеби Монголия бул командага каршы эч нерсе кыла алган жок, дарбаза тушунда кооптуу кырдаал жарата алган жок. Биздин команда бул мелдешке жөн келген эмес, өз күчүбүздү көрсөтөбүз. Ооба, күйөрмандардын көптүгү, абанын нымдуулугу атаандаштардын пайдасына ойнойт. Ошентсе да биз аларга сюрприз кылганга аракет кылабыз",- дейт С.Сүймалиев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Dadasdasd
2015-08-12 14:17:34
Ооомин эли журт кол которуп бата берели. Женип келгиле. Узбек менен монголду билдик кандай экенин.
+8
bosmos777
2015-08-12 14:23:27
Алга ! Кыргыз! Ишенебиз! гозбектерге кандай ойношту уйротуп койдунар! Рахмат! Тушурулгон тасманы кайта,кайта койуп.Мактанып коруп жаттык! Мен ойлойм кытайлар менен оюнга да жетиштуу даярдык! Женишти багындыруучу куч кубат бар деп ! Ишенбиз! "Манас" атабыз колдосун! Алга!
-1
aziret-92
2015-08-12 15:01:16
bosmos777, ушул оюндун обзорун кайдан корсок болот...
0
Patriot...kg
2015-08-12 14:36:09
Алга кыргызымдын жигиттери.
0
Patriot...kg
2015-08-12 14:37:03
Админ. Оюндун жүрүшүнөн баяндап турсаңыздар сонун болмок
0
mister.ailasyz
2015-08-12 16:07:58
Patriot...kg, туура айтасын админ баяндап тургула оюндун журушун.
0
kadamjai90
2015-08-12 14:59:27
Алга кыргызстан
0
zamir-bek
2015-08-12 16:01:11
Манас атабыс колдосун.
-1
kenzhebekkkk
2015-08-12 16:02:02
Азаматсынар АЛГА!!!
0
aikol87
2015-08-12 16:34:27
Оой садаган кетейиндер кудай куч кубат берсин.Кытайды тытып ийгилечи))).
+1
Kyzyl-Unkur
2015-08-12 16:41:35
aikol87, коой антпе, ансыз деле женет
0
BAYAW-KG
2015-08-12 20:47:25
17:30 да дешкен эле 20:46 болду оюндун жыйынтыгын жазбайстарбы админ.
0
Patriot...kg
2015-08-12 21:35:53
Жыйынтык кандай болду?
0
admin_superstan
2015-08-13 10:57:06
BAYAW-KG, Patriot...kg, саламатсыздарбы!
http://www.super.kg/kabar/news/121036/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан