Боом капчыгайында таш көчкүдөн улам жабылып калган унаа жолун тазалоо иштери саат 20:00гө чейин уланат

Таш көчкүдөн улам жабылып калган Бишкек-Каракол унаа жолун тазалоо иштери саат 20:00гө чейин уланат. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, таш көчкү Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бишкек-Балыкчы унаа жолунун 131-чакырымында орун алды. Учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин №34-Жол-колдонуу ишканасы жолду кумдан жана шагылдан тазалап жатат. Азырынча унаа жолу ачыла элек. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кырсыктан улам жаракат алгандар жок, бирок бир нече унаа зыянга учураганы айтылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан