Премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 12-августта Бишкек-Балыкчы унаа жолундагы Боом капчыгайында болгон окуяга байланыштуу чукул жыйын өткөрдү. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, өкмөт башчынын тапшырмасы менен ал жерге өзгөчө кырдаалдар министри менен транспорт жана коммуникация министри жөнөп кетишти. Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевге болгон техниканы мобилизациялап, тез арада жолду ачуу тапшырмасы берилди.