Бүгүн, 12-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Боом капчыгайында таш көчкүдөн улам унаа тыгынында калып калгандарга иче турган суу алып келди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда унаа жолун тазалоо иштери жүрүп жатат.
Кырсык орун алган жерге барган вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев унаа жолу жакынкы арада ачыларын маалымдады. "Жарым сааттын ичинде унаа өтүш үчүн айланма жолду ачууга аракет кылабыз. Тосулуп калган жол 20:00гө чейин тазаланып бүтөт. Мындан улам жарандарды сабырдуулукка чакырар элек. Кырдаал өкмөттүн көзөмөлүндө",- деди вице-премьер-министр.
Айта кетсек, бүгүн, 12-августта түштө Ысык-Көл облусунун Тоң районунда Бишкек-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында таш көчкү орун алды. Көчкүнүн жалпы көлөмү 2 миң куб метрге барабар экени аныкталды. Учурда №34-Жол-колдонуу ишканасы жолду тазалоо иштерин жүргүзүп жатат. Унаа кыймылы убактылуу токтотулду. Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктан улам жаракат алгандар жок, бирок бир нече унаа зыянга учураганы айтылууда.