Боом капчыгайында унаа жолго түшкөн шагыл аралаш топурактын көлөмү 10 миң метр куб. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта КРнын Транспорт жана байланыш министрлигинен SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда 10 миң метр куб шагыл аралаш топурактын 500 метр кубу гана алынды. Мындан улам темир жолго катарлаш унаалар үчүн жаңы жол салынып, ачылуу алдында турат.
Айта кетсек, бүгүн түштөн кийин Бишкек-Балыкчы унаа жолунун 131-чакырымында шагыл аралаш топурак түшүп, жолду жаап калган. Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктан жабыркаган адамдар жок.