Боом капчыгайында жолго түшкөн шагыл аралаш топурак алынып бүтө элек

Боом капчыгайында жолго түшкөн шагыл аралаш топурак алынып бүтө элек. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта SUPER.KG порталына КРнын Транспорт жана байланыш министрлигинен билдиришти.

“Учурда 6 жүктөгүч, 5 самосвал, 1 грейдер иштеп жатат. Азырынча 10 миң куб метр шагыл аралаш топурактын 5000 куб метри алынды. Бүгүн саат 15:00гө чейин толук тазаланат. Кечээ темир жолго катарлаш жаңы жол салынып, унаалар үчүн ачылган”,- деп айтылат министрликтин маалыматында.

Айта кетсек, кечээ Бишкек-Балыкчы унаа жолунун 131-чакырымында шагыл аралаш топурак түшүп, жолду жаап калган. 

Боом капчыгайындагы тыгындын үстүнөн көрүнүшү (үнү жок)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан