Бишкекте капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн Ауэзов көчөсү ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, оңдоп-түзөө иштери 18-майда башталган. Жалпысынан 2,7 чакырым аралыкка эки кат асфальт төшөлүп, жол жээгине бордюрлар коюлган. Учурда жол белгилерин коюу, тротуарларды оңдоо иштери жүрүп жатат.
Айта кетсек, оңдоп-түзөө иштерин кытайлык “China Road” компаниясы жүргүздү.