Биометрикалык тестирлөөнүн экинчи этабы 25-августтан 15-сентябрга чейин өткөрүлөт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев парламенттик шайлоону уюштуруу жана аны материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу маселеси боюнча шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын 12-августтагы отурумунда айтты.
Тайырбек Сарпашев биометрикалык тестирлөөнүн биринчи жыйынтыгы ийгиликтүү болгондугун белгиледи. “Алгачкы тестирлөөгө 169 миң шайлоочу катышып, анын 160 миң жараны, же болбосо 93,56 пайызы өздүгүн базадан аныктай алды. Тестирлөө 2 миңден ашуун шайлоо чөлкөмдөрүндө өттү. Бул жакшы көрсөткүч. Жергиликтүү бийлик органдары иш жүзүндө тестирлөөнүн жүрүшү тууралуу, аппаратуралар менен тыгыз таанышты. Эч кандай кыйынчылык болгон жок”,- деди Сарпашев.
Сарпашев жергиликтүү бийликтин астында турган эң негизги үч тапшырманы белгиледи:
1. Операторлордун тизмесин тактоо;
2. Жалпы тестирлөөнүн экинчи этабын сапаттуу өткөрүү жана кимдин кайсы жерде шайлай тургандыгы тууралуу арыздарды чогултуу, Борбордук шайлоо комиссиясынын тутумдук администраторлору менен тыгыз иштөө.
3. Шайлоо өтө турган жайларга тийиштүү шарт түзүү.