Бакуда 5-кабаттан секирүүгө ниеттенген аялды офицер сактап калды

Азербайжандын Баку шаарында 5-кабаттан секирип, өзүн өзү өлтүрүүгө ниеттенген аялды сактап калышты. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, аял балкондон секиргени жатканда белгисиз жаран коңшу батирдеги айнектен балконго өтүп, айымды сактап калды. Муну көргөн көптөгөн күбөлөр кол чабуулар менен кабыл алышты. Аял "Тез жардам" кызматына тапшырылды. Аталган факт боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Айымды сактап калган жаран Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргоо кызматынын офицери экени аныкталды. Окуя болгон учурда ал кызматта эмес болгондуктан, жарандык кийимчен жүргөн.

Бакуда өзүн өлтүрүүгө даяр аялды сактап калышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Edik_86
2015-08-13 10:23:15
ой тообо атайын эле шоу кылса керекко чин алганы
-7
Mars55
2015-08-13 10:39:43
Edik_86, менда ошону айтамда аялды куттуруп балкондон балконго отуп кармап
-6
nur_2010
2015-08-13 16:00:56
Edik_86,сен бирооолорду сындаганды эле жакшы билет окшойсун комм.ы окусам. аялдын состояниесин корбодунбу байкушту.офицер болсо просто ошол жерде жашагандыр мумкун.совпадение.бир жолу омуруно кол салдыбы дагы кайталанышы мумкун.кудайым жаман ойлордон сактасын.
0
rusana
2015-08-13 10:51:10
кудай деп эле жашай бербейби, бир кем дуйно деген ушу да, канчалаган адамдар айыкпас дарттардан жашаш учун менен курошуп журуп кайтыш болуп жатышат.. бул обу жокту карасан эми...
+3
KYRGYZJERI
2015-08-13 10:58:16
Элдин суйунуп кол чаап ийгенин
карагылачы.
Жон гана бул ишке барбастыр,
жашоосунда бир чон сокку болгондур.
Ажаалы келсе олуп деле калмак да.
Ажаал эмес экен.

+1
karona
2015-08-13 12:15:19
Атын чыкпаса жер ортто болуптур да биягы, псих.больнойлордун гана колунан келет бул иш. Ушундай эле жашоодон жадаган болсо куткаруучуларды кутпой эле секирбейт беле!
-2
altyw95jan
2015-08-14 05:34:38
мен да олгум келген ушинтип, бирок секире алганмесмин 5 етажка дом болчу, негедир олушумо козум жетпеди. Анан башка кантип олом деп оюма уксус келди. Анан олсом керек деп ойлопмун, жок...кыйналдым бирок тамагым куйуп кетти. Азыр ойлосом олуш деле кыйын екен. Емне учн олгун келет? Себеби ушундай бир ситуация болот олгун келет, башка жол жоктой сезилет.
0
Ayperi94
2015-08-14 13:46:04
Жалган дуйнонун сыноолорунан сынып калуудан кудай озун сактай кор.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан