2015-жылдан тарта калк электр энергияга болгон дебитордук карызын 43,6 пайызга төмөндөттү

“Түндүк электр” ишканасынын абоненттеринин электр энергияга болгон карызы 2015-жылдын 1-августуна карата 428,3 миллион сомду түздү. Абоненттер дебитордук карызын жыл башына салыштырмалуу 168,2 миллион сомго же 28,2 пайызга, анын ичинен калк 181,1 миллион сомго же 43,6 пайызга төмөндөткөн. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Июль айында абоненттердин дебитордук карызы 28,4 миллион сомго же 6,2 пайызга төмөндөдү. Электр энергияга болгон карыздын көбүрөөк төмөндөшү боюнча 17,4 миллион сом же 21 пайыз менен “бюджеттик уюмдар” категориясы катталды.

"Дебитордук карыздын төмөндөө тенденциясы “башка керектөөчүлөр” категориясында да байкалууда, алар энергетиктерге болгон карызын 14 миллион сомго же 14,7 пайызга төмөндөтүштү. Айыл чарба керектөөчүлөрү июль айында электр энергияга болгон карызын 7,7 пайызга, калк 1,5 пайызга төмөндөттү. Ишкана тейлеген аймактардагы дебитордук карыздарды анализдесек, июль айында бишкектиктердин энергетиктерге болгон карыздары 9,7 миллион сомго азайганы тастыкталат. Чүй облусу боюнча электр энергияга болгон карыз 10,5 миллион сомго, Талас облусунда дебитордук карыз 8,2 миллион сомго төмөндөшү катталды",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aiba91kg
2015-08-13 10:51:39
миллион осм же 14,7 пайызга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан