"ЭЛДИК КАБАРдын" төртүнчү жеңүүчүсү кеңсебизге келип белегин алып кетти

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Терек айылынын тургуну Байысбек Жеңишбек уулу жакында өзү жашаган аймакта кассирге кол салуу болгонун биринчилерден болуп кабарлоонун артынан SUPER.KG порталынан заманбап смартфон утуп алган эле. Кылмыштуу топту эртерээк кармоо керектигин билдирип, маалыматты укук коргоо органдарынын кулагына жеткирүүгө аракет кылган Байысбекти SUPER.KG`нин редакциялык кеңеши июль айынын жеңүүчүсү деп тапкан. Шартка байланыштуу жеңүүчү өткөн аптада Бишкекке келе албай калган эле. Бүгүн, 13-августта атайын Ак-Талаадан келип, кеңсебизден белегин алып кетти. "Мындан ары да силер менен кабарлашып турам. Белекти утканыма абдан кубанычтамын, жалпы жамаатыңыздарга ийгилик каалайм",- деп билдирди жеңүүчү. 
Жеңүүчүнүн уткан белеги узакка кызмат кылуусуна тилектешпиз. 

"ЭЛДИК КАБАРдын" төртүнчү смартфонунун ээси аныкталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kirgizstan
2015-08-13 11:09:08
Кут болсун
0
gulzar_gulu
2015-08-13 11:43:12
Бизге деле жуксун оомин.✌
+1
Medina87
2015-08-13 12:10:16
Уткан смартфонун ар дайым озундун да, элдин да керегине жарасын, кут болсун!!!
+1
Bais
2015-08-14 10:55:07
Чоон рахмат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан