Бүгүн, 13-августта саат 18:00дө Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо "Бенфика" (Макао) командасы "Шейх Жамал" (Бангладеш) менен беттешет. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Айта кетсек, эки күн мурун, 11-августта бишкектик "Алга" командасы "Бенфиканы" 2:0 эсеби менен утуп алган. Ата мекендик клуб "Азия футбол конфедерациясынын кубогу-2016" турниринин тандоо бөлүгүнө өтүш үчүн 15-августта "Шейх Жамал" (Бангладеш) командасын жеңиши керек.
"В" тобунда "Алга", "Бенфика" (Макао) жана "Шейх Жамал" (Бангладеш) командалары бар. "Азия футбол конфедерациясынын кубогу-2016" мелдешинин тандоо бөлүгү 2016-жылы башталмакчы.
"В" тобундагы калган оюндар:
13-август, 18:00. "Бенфика" (Макао) - "Шейх Жамал" (Бангладеш).
15-август, 18:00. "Алга" (КР) - "Шейх Жамал" (Бангладеш).
Оюндар Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.