Орусияда жашаган кыргыз жигити "Айфондун" жаңы түрүн ойлоп тапты

Орусиянын Иркутск шаарында жашаган кыргыз жигити Тимур Аттокуров батарейкасы 6 күнгө чейин иштей алган "Айфондун" жаңы түрүн ойлоп тапты. Бул тууралуу репортаж бүгүн, 13-августта орусиялык телеберүүдө көрсөтүлдү.
Журналисттерге берген маегинде Т.Аттокуров 25 жашында Иркутскка келгенин айтып берди. Анын айтымында, ал 7-класста окуп жатканда эле магнитофондорду оңдоп жүргөн. Ал эми мобилдик телефондорду оңдоону "Нокиа" үлгүсүнөн баштаганын билдирди.
"Тимур - атайын билими жок механик. Ал баарын өзү үйрөнгөн. Бир күнү ал телефонду улам-улам кубаттандыруудан тажап, үч күн ичинде телефондун жаңы үлгүсүн ойлоп чыккан. Эми Тимур эки дисплейи бар жана эки сим-карта менен иштеген телефонду иштеп чыгууга ниеттенүүдө",- деп айтылат репортажда.
"Айфондун" жаңы түрүн ойлоп тапкан кыргыз жигити Орусияда жашайт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
miron86
2015-08-13 13:05:24
Мына Кыргызстандык Стив Жобс деп ушуну айт.Азаттыктан окудум эле Аравандык бир озбек эки уч сайт ачып коюп мен Стив Жобсмун деп айтканын.Азаматсын,Алга Кыргыз!!!
+2
kirgizstan
2015-08-13 13:29:50
o_O
0
Volk.
2015-08-13 14:02:33
Мен муну горолвай жатам.
0
mirlanpiter
2015-08-13 14:03:08
Азаматсын,мээни резервке койбой иштете билет экенсин.ийгилик ука!
0
Guka_kg
2015-08-13 14:04:00
Молодец! Ишине ийгилик, мындан да. Чон ийгиликтерге жет!
0
World_of_tanks
2015-08-13 14:16:14
Талант бар тааныш жок деп ушуну айтса керек ооба бул бала оз алдынча керектуу инструменттер жок ушундай ийгиликке жетти эгер биздин жердешибизди заводтун озуно алып барса эмнелер гана жаралбайт бир ойлоп корунуз. Биздин элде коптогон ар кандай тармакта таланттуу адамдар бар бирок аларды Дуйнолук аренага чыгарууга биздин чондор колдобойт канчалаган спортсмендер бар канчалаган ойчул коп нерсени ойлоп тапкандар бар ошонун кадырына жетишпейт. Кыргыздар талаалап журот оз мекенинен алыста.
+2
Grand
2015-08-13 14:17:35
Кайра Айфондун кунигин чыгарып салыптырго. 2 айфонду бириктирип. Мен жаны батарейка ойлоп тапканго депмин.
-6
Aimeerimka
2015-08-13 14:29:01
Grand акылдуу экенсиз озунуз ойлоп табыныз королу сыймыктаналы сиз м н.Бир иш кылган адамды коро албайбыз кандай калкпыз билбедим.
+3
ertur
2015-08-13 14:31:54
гражданство россиябы
+1
Krasnoyrsk124
2015-08-13 15:18:54
Охо жердешимго брат номеринизди жазып койсонуз байланышайлы
0
karona
2015-08-13 16:13:12
Молодец! Кыргыздын атын алыска тааныта турган жигит экен да! Ийгилик! Дагы коптогон ачылыштарды кутобуз!
+2
kaniet
2015-08-13 19:07:10
Вот, мына азамат кыргыз! Бироону урбай, сокпой, жерин, уйун орттобой эле кыргыздын атын чыгарса болот экен го! Азамат, омуру узуун болсун жигиттин!
+2
nelya88
2015-08-13 22:32:48
Азаматсын!Ушунундан жазбай,дагы коптогон ийгиликтерди жарата бер!
0
Atabaev.kg.su
2015-08-14 09:18:00
Тимур иркутск та телефон ондоп иштейт мен таныйм
0
arabica
2015-08-15 13:57:55
Оо красавчик чыныгы кыргыз, ийгилик каалайбыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан