Ысык-Көл районундагы “Керемет суу” эс алуу жайы бир жумага жабылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган жайдын кызматкери билдирди. Бирок ал бүгүнкү окуя тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.
Айта кетсек, бүгүн эртең менен аталган эс алуучу жайдын ээси менен жергиликтүү тургундардын ортосунда уруш чыккан. Анын кесепетинен 25 жаштагы жигит каза тапкан. Мындан улам Чоң-Өрүктү айылынын тургундары аталган жайды толугу менен өрттөп салышкан.
Ал эми “Керемет суу” эс алуу жайынын ээси жана баласы ооруканага жаткырылганы айтылды.