Кыргыз мамлекетинде быйыл 1 миллион 800 миң тонна көмүр казылат

Кыргыз мамлекетинде 2015-жылы 1 миллион 800 миң тонна көмүр казуу пландалууда. Көмүрдүн 800 миң тоннасы өлкөнүн түндүк аймагынан казылса, 1 миллион тоннасы Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан казылмакчы. "Кыргыз көмүр" ишканасынын билдиришинче, Бишкек ЖЭБине 500 миң тонна көмүр жеткирүү пландалган: 450 миң тоннасы Кавак бассейнинен, 50 миң тоннасы Таш-Көмүр кенинен. 
"Өкмөттүн тийиштүү жарлыгына ылайык, экономика тармактарын жана калкты кышка даярдоого карата көмүр камдоонун деңгээли 2014-жылкы көрсөткүчтө кармалат. Былтыр калк көмүр менен толук камсыздалган жана 1 тонна көмүрдүн баасы 2013-жылга салыштырмалуу республика боюнча орточо 1000 сомго арзандатылган",- деп билдирет мекеме. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан