Бүгүн, 14-августта Кытайдын Вейнань шаарында өспүрүмдөр арасындагы футбол мелдеши аяктады. "Silk Road Cup-2015" деген аталыштагы бул мелдешке кыргыз футболчуларынан тышкары Кытайдын, Монголиянын жана Өзбекстандын командасы катышкан. Мелдештин жыйынтыктоочу күнүндө өлкөбүздүн футболчулары Монголияны 5:0 эсебинде утуп алышты. Курамдан Гүлжигит Алыкулов (2 гол), Орозбек Тимур уулу, Эмир Шыгайбаев жана Азирет Момошев айырмаланышты.
Автор: Максат КудайбердиевФото: Максат Кудайбердиев