Өлкөнүн Футбол федерациясынын жетекчилери Азия Футбол Конфедерациясында да кызмат аркалашат

Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын жетекчилери Азия Футбол Конфедерациясында да кошумча кызмат аркалашат. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта аталган федерациянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов Азия Футбол Конфедерациясын өнүктүрүү боюнча комитетке 4 жылга шайланды. Ошондой эле КРнын Футбол Федерациясынын вице-президенти Асылбек Кадралиев аталган конфедерациянын Маркетинг боюнча комитетине 4 жылга шайланды.

Азия Футбол Конфедерациясынын башкы катчысы Жон Виндзор КРнын Футбол федерациясынын жетекчилерин куттуктап, ийгиликтүү эмгектенүүнү каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан