3-сентябрда футбол боюнча улуттук курама команда 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун алкагында үчүнчү беттешин өткөрөт. Анда футболчуларыбыз конокто Иорданияга каршы турушат. Ирбид шаарында өтчү беттеш жергиликтүү убакыт боюнча
19:00дө башталат. Бул беттешке карата футболчуларыбыз Бахрейнде кызуу даярдыктан өтүп жатышат. Алгачкы машыгууда 15 оюнчу болгонун КРнын Футбол федерациясынан маалымдашты. Курамга бүгүн, 24-августта Эдгар Бернхардт,
Виталий Люкс, Мирлан Мурзаев, Фархат Мусабеков жана Бахтияр Дүйшөбеков сыяктуу футболчулар кошулары күтүлүүдө. Ал эми 26-августта
Антон Землянухин курамды толуктаса, 27-августта Виктор Майер, 28-августта Валерий Кичин катарга кошулат.