25-августтан тарта Бишкектеги "Аккула" ат майданында Эгемендүүлүк күнүнө карата көк бөрү боюнча президенттин кубогуна арналган старт алды. SUPER.KG порталына Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунан кабарлашкандай, мелдешке 12 команда катышууда. 24-августта чүчү кулак ташталып, командалар төмөнкүдөй тартипте 4 тайпага бөлүндү:
1. "А" тайпасы: "Аккула", "Көк-Жал", "Сары-Өзөн"
2. "В" тайпасы: "Бөрүлү", "Датка", "Достук"
3. "С" тайпасы: "Талас", "Бакай-Ата", "Ак-Талаа"
4. "D" тайпасы: "Баткен", "Ак-Суу", ИИМ
Кошумчалай кетсек, алдын ала беттештер 25-27-август аралыгында өтөт. 29-августта жарым финалдык беттештер орун алып, финалчылар аныкталат. Финалдык беттеш жана 3-орун үчүн болгон беттеш 31-августка пландалган.
Өткөн жылы көк бөрү боюнча президенттин кубогуна арналган мелдештин финалында “Талас” командасы “Бөрүлүнү” 6:2 эсебинде утуп алган.