Ошто бири-бири менен кайым айтышкан жол-кайгуул кызматкерлери кызматтарынан алынышты

Ошто бири-бири менен кайым айтышканы үчүн Жол-кайгуул милициясынын 3 кызматкери жана 1 жол-кайгуул кызматкери кызматтарынан алынды. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин интернетке Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Жол-кайгуул кызматынын инспектору жана ушул эле башкармалыктын Жол-кайгуул милициясынын кызматкеринин ортосундагы кайым айтышуу тууралуу видео тараган. Бул видео боюнча кызматтык иликтөө жүрүп, анын негизинде кызматтык милдеттерин так аткарбагандыгы үчүн Жол-кайгуул милициясынын 3 кызматкери жана 1 жол-кайгуул кызматкери кызматтарынан алынган. 

Бул окуя үстүбүздөгү жылдын июль айында болгон. Учурда видео ким тарабынан тартылып, кандайча интернетке таркап кеткени такталууда.

МАИ кызматкеринин кылык-жоругу (Уят сөздөр бар)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Akil8484
2015-08-24 11:51:20
законго таяп туруп жумуштан эле четтетпей жаза да колдонуш керек анан да видеоны ким тартканы иликтенип жатат деп аны эмне жоопко тартайын деп турасынарбы коопчулукка ачыкка чыгарганы учун ал боюнча да маалымат берип коюунуздар
+2
nurik11-29
2015-08-24 11:57:14
жон гана кызматтан бошотпой,кылмыш ишин козгош керек эле буларга!!
0
nurik11-29
2015-08-24 11:58:11
тоообо бир оозу бузук неме экен!!кантип ошол ооз менен тамак жейт болду экен!!
+1
aiturgasha
2015-08-24 12:11:19
менин да кайнагам прокуратурада иштейт. кайынжуртумдун эч кимиси гаилерди укпайт. бир нерсе деселе звонок кылып трубканы берип коюшат. байкуш гаилер унчукпастан кете бергиле дейт. тан калып журдум. азыр конуп калдым. таанышын чонураак болсо любой жерде созун отот турбайбы.
0
aktivist0707
2015-08-24 14:49:12
aiturgasha, танышын болсо танкасын, танышын болбосо манкасын
0
bolotbai
2015-08-24 12:16:21
Бир кумалак бир карын майды чиритет да,тоскон ГАИге тийишбей беркинисине кылмыш ишин ачуу керек.
+2
Aske
2015-08-24 12:19:49
balasy katyn eken atasyn 4akyryp ozu ele 4e4peibi
+2
KUMU89
2015-08-24 12:21:57
Точна алындыбы десенер. Же эл козуно таркатып койдубу жанылык. Акчасы коп неме экен го. Акча мн сени жок кылып коём деп атты го. Акча мн жаппады бекен чондордун оозун дагы. Болсон шефтин баласы бол экен да. Послай тетип кетип калбайт белен дейт го.
+2
Ago
2015-08-24 13:05:03
Мына эми тартип башталды .Интернетке чыкканды жумуштан алыш керек.
0
kgmiko
2015-08-24 13:10:58
Мелис Турганбаевге жеткирип койгулачы ушул суроонун булар тартип сакчыларыбы же кочо шалтуруктарыбы? МВД иштегендердин 70-80 проценти ушундай согуп энелери менен мактанышат нерви жука психтер иштеп калганго !
0
Talgat87
2015-08-24 13:22:50
ХХХ го...
0
admin_portal
2015-08-24 15:32:50
Talgat87 - эскертүү!
Мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
bek007
2015-08-24 14:13:47
Биз жакта эненсин мактап суйлогон нормалдуу эле соз. Эненси жонундо жаман ою жок, төл сөз болуп калган
0
aktivist0707
2015-08-24 14:45:22
эмне дейбиз МАИ лерге ийгилик тез тез ушунтип урушуп турсанар
0
MIRlan
2015-08-24 15:22:03
Күлүп эле отурдум мен.
0
kg-zzzzz
2015-08-24 20:56:43
гаи балдарына тийбегиле только карапайым калктын акчасын алгыла деген закон жокко тазалаш керек озу гаилердин бирин калтырбай и жаштарды койуп айлыктарын уч торт эсе кобойтуш керек что бы пара албасын алса камаласын деген закон чыгарып
0
mr_argen
2015-08-25 01:19:41
Con tonun balasy bolmokdon pildin balasy bolso del tosushkerek
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан